Menu

Адахан Мадумаров: “Молдомуса Конгантиев, бети-башыңды ким талкалады эле? Камчыбек Ташиев, “аласы жыртылган” деп ким күлкүгө салды эле? Ахматбек Келдибеков сени ким камады эле?”

Бөлүшүү:

“Молдомуса Конгантиевге айтайын. Бети-башыңды талкалап, ушул деңгээлге жеткирип койгон ушул бийлик эле го”, – деп билдирди 8-октябрда Кочкор-Атада президенттикке талапкер Адахан Мадумаров.

“Ташиевге айтайын. Эмне деген гана арамза сөздөрдү айтып, “аласы жыртылган” деп күлкүгө салганда сенин митингиңе Мадумаров келбеди беле, Камчы? Кайда кетип баратасың сен, эмне деп сүйлөп жатасың? Эмнеңе ишенип жатасың? Мен ачыктан-ачык айтам. Же калп сүйлөп жатамбы?

Келдибековдун балдары “Сооронбай” деп жүрөт дейт. Келдибековду камаганда Алайдын эли жол тосуп, ошол жерде картайган кемпир-чалдар бир чыны ысык чай берели деп казан-табакты жыйганда Сооронбай барып казандарды ыргытпады беле көчөгө? Кантип Сооронбайдын аркасынан жүрөсүң? Качан ойгоносуң кыргыз?

Сооронбай “мен тазамын” дейт, таза болсоң Абдылда Капаров эмнеге жатат түрмөдө? Себеп ал “3 миллион долларды Жээнбековдордун колуна карматкамын, алар мени сабап акчаны алып кетишкен” деп айтканы үчүн камалып жатат. Жээнбековдун эмнеси таза? Көчөнүн баарында Жээнбековдун миллиондогон сомго жасалган сүрөттөрү жайнап илинип турат, таза болсо ал акчаларды кайдан алды? КТРде 1 мүнөттүк реклама 32 миң сом турат, сен эртеден-кечке “Сооронбай! Сооронбай!” деп чыгып жатасың, таза болсоң ал акчаларды кайдан алдың? Ким төлөп жатат? Мугалим болуп, зоотехник болуп иштегем дейсиң, 32 миң сом мугалимдин 6 айлык эмгек акысы.

Коңгайтиев генералмын дейт. Генералдыкты ким берди эле сага? Бакиев берген! Сага Атамбаев берген жок”, – деди Адахан Мадумаров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: