Menu

Ч.Турсунбеков Кочкор районун Кум-Дөбө айылындагы тарыхый шаарды изилдөө иштери менен таанышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагына караштуу Көк-Таш участкасындагы археологиялык тарыхий шаарды изилдөө иштери менен таанышты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Мындай табылга кыргыз элинин кылым бүктөмдөрүндө калган байыркы тарыхын ачыкка чыгарууга өбөлгө болот деген Төрага Чыныбай Турсунбеков: “X кылымга таандык делген бул археологиялык табылганы толук иликтеп чыгуу аркылуу кыргыз тарыхы дагы да жаңыланат. Себеби, элибиздин басып өткөн жолу, байыркы турмуш-шарты тууралуу маалыматтарды ушундай гана тарыхый жайлардын жардамы менен аныктоого болот”, – деди.

Ошондой эле изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан археолог-тарыхчылардын бири, профессор Кубатбек Табалдиев табылганын маанилүүлүгүнө токтолуп: “Изилдөөнү аягына чыгаруу менен катар жалпы Кочкор өрөөнүнүн археологиялык картасын түзүүбүз зарыл. Анткени, бул өрөөндө бардык доорго тиешелүү тарыхый эстеликтер арбын”, – деди.

Ал эми бышкан кыштан курулган бул археологиялык шаардын калдыгы туристтерди да кызыктыраарын белгилеп: “Бурана, Өзгөн мунаралары, Таш-Рабат эстелиги сыяктуу эле бул жер да көпчүлүктүн көз жоосун алган жайга айланып, чет элдик меймандар үчүн да кыргыздын баскан жолу тууралуу маанилүү тарыхый маалымат булагы болуп берерине ишенем”, – деген Чыныбай Турсунбеков казуу иштерине жардам катары жеке резервдик фондунан 300 миң сом тапшырды.

Андан соң Жогорку Кеңеш Төрагасы  өз алдынча тарыхый жайларды изилдеп, үй музей ачкан Кайырбек Коңурбаев менен жолугушуп, анын археологиялык табылгалары менен таанышты. Белгилүү болгондой, Кайырбек Коңурбаев айылдагы айдоо жерлерден табылган артефактыларды, бышкан кыштан салынган жер астындагы шаардагы имараттардын калдыктарын кырк жыл бою өз алдынча изилдеп, жер үстүнө чыгып калган тарыхый табылгаларды чогултуп үйүнө музей ачкан.

Анын мындай ишмердүүлүгүнө жогору баасын берген Төрага Чыныбай Турсунбеков: “Баалуу материалдарга бай музейди куруу аркылуу өз урпактарыңызга гана эмес, жалпы кыргыз элине керектүү болгон эң баалуу казынаны түптөгөн экенсиз. Сиздин кылган ишиңиз баарыбызга үлгү, келечек үчүн баа жеткис мурас” – деди. Ошондой эле Төрага Кайырбек Коңурбаевге үй музей үчүн 200 миң сом тапшырды.

Белгилей кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбековдун эки күндүк Нарын облусундагы иш сапарын Жогорку Кеңештин депутаттары Н.Макеев, К.Жолдошбаев жана бир катар министрликтердин өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: