Menu

Аламүдүн районунда автоунааны уурдоого аракет кылган жаран кылмыш изи сууй электе кармалды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 9-октябрь күнү арыз менен Кызыл-Бердик айылынын 53 жаштагы Б.М. аттуу тургуну жергиликтүү милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Себеби, 9-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:30 чамасында арыз ээсине таандык “Форд-Мондео” автоунаасын “Марат” аттуу чала таанышы уурдоого аракет жасагандыгын билдирген. Бул окуя боюнча ыкчам-тергөө тобу чыгып, кылмыш изи сууй электе Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, 27 жаштагы К.М. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.

Бишкек ШИИББнин убактылуу кармочуу жайына камакка алынган. Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-172- беренелери менен (автотранспорт каражаттарын укукка жат түрдө ээлеп алуу) кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: