Menu

Алмазбек Атамбаев Чүй облусундагы Жайыл жана Панфилов райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев  кечээ, 10-октябрда Чүй облусундагы Жайыл жана Панфилов  райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

«Суроо-жооп» форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө  Мамлекет башчысы   мектептердин, ооруканалардын жана башка социалдык обьектилердин  курулушу жана капиталдык ремонтуна, айдоо жерлерин  пайдалануу шарттарына, жарандарды социалдык камсыздоого жана башка  маселелерге тиешелүү суроолорго жооп берди.

Суроолорго жооп берип Президент Алмазбек Атамбаев  акыркы жылдары өлкөдө болгон өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

“Мен бийлик адамдардан коркуп, адамдар менен эсептешсе деп кыялданчумун. Мына  бүгүн бийлик элдин колунда. Жарандар өлкөнүн тагдыры үчүн өздөрү жооптуу”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары авариялык абалдагы мектептердин маселелерин түп тамырынан бери өзгөртүүгө жетише алдык, эми  өлкөнүн түрдүү аймагындагы  капиталдык ремонтту талап кылган мектептерге көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

Президент  ошондой эле  келерки жылы  саламаттык сактоого капиталдык салымдар көбөйтүлөөрүн, Өкмөт саламаттык сактоо обьектилерин курууга жана капиталдык ремонтуна каражаттарды караштырууга тийиш  экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы  жарандар тарабынан көтөрүлгөн  маселелерди  өз учурунда чечүү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: