Menu

Чех президенти Крым үчүн Украинага “компенсация” төлөөнү сунуштады

Бөлүшүү:

Чехия президенти Милош Земан Орусия Крымды аннексиялап алганы үчүн Украинага акчалай же электр кубатын жеткирүү аркылуу кенемте төлөөнү сунуштады.

10-октябрда Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын сессиясында сөз сүйлөгөн Земан аннексияланган Крым жана Украина чыгышындагы согуш үчүн ЕБ тарабынан Орусияга киргизилген санкцияларды сынга алды.

Земан Кубаны мисал келтирип, санкциялар натыйжа бербей турганын айтты. Крым жөнүндө кеп кылган Земан Германиянын мурдагы президенти Йоахим Гауктун жарым аралды Украинага күч менен кайтаруу мүмкүн эмес деп айтканына таянып, Киевге каржы же мунай менен газ жеткирүү аркылуу “компенсация” сунуштады.

Ошол эле маалда Земан бул анын жеке пикири экенин баса белгиледи. Чехияда тышкы саясатты Орусияга каршы санкцияларды колдогон өкмөт аныктайт. Милош Земан мурда дагы санкцияларды сындап келген. Крым аннексиялангандан кийин Москвада болгон чех президенти быйыл ноябрда дагы Орусияга барат. Атаандаштары Земанды орусиячыл саясатчы деп атап келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: