2017-жылдын 10-октябрь күнү болжол менен саат 7:00 чамасында Ысык-Көл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканага Бостери айылынан денесине жаракат алган, азият улутундагы аялды алып келишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Окуя болгон жерге чыгышкан Ысык-Көл РИИБнин тергөө – ыкчам тобу күбөлөрдү сурашып, ошол күнү Бостери айылынын тургуну көчөдөн денесинен алган жаракаты менен 25-30 жаштардагы аялдын жаткандыгын көрүп тез жардам кызматын чакырган. Тез жардам белгисиз аялды райондук ооруканага алып келгенде, аял өзүнө келбей жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам –иликтөө иштердин натыйжасында аялдын өздүгү такталган. Ал Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 27 жаштагы Э. С. аттуу тургуну болуп чыккан.
Райондук милиция тарабынан көрүлгөн иш-аракеттерден улам кылмыш изин суутпай Бостери айылынын тургундары 31 жаштагы Ж. А. жана 32 жаштагы Ж. Б. аттуу бир туугандар кармалган.
Кыргыз Республикасынын кылмыш –жаза кодексинин 97-беренеси менен (Адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иликтөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ