Menu

Зилалиев, акыл айтпай отставкага кет!

Бөлүшүү:

Кыргыз өкмөтү чехиялык “Liglass Trading” ишканасы менен түзүлгөн келишимди үзүп, толугу менен чекит коёт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Ал 5-октябрда аталган компания өкүлдөрү менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчилиги жолукканын ырастады. Бул туурасында: «Өкмөт келишимди жокко чыгара турганын жарыялаган. Бирок келишимде үч ай сүйлөшүү процесси деген бар. Ошондуктан 5-октябрда жолукканы чын. Чех тарап өздөрүнүн сунуштарын бериптир, бирок кыргыз тарап аларды карап, бизге туура келбей турганын айтып жатышат. Ушуну менен чекит коюлат. Эгер бул сүйлөшүү болбосо, арбитраждык сотко барганда кыргыз тарап бир да жолу жолугушуу жүргүзгөн жок деген сөз болбошу үчүн сүйлөштү»,- деп билдирди. Негизи ушул кашаны чалган Зилалиев болчу. Эми болсо эч нерсе болбогондой, жайбаракат ар кайсыны айтып отурат. Жоопкерчиликти мойнума алам деген эле. Эми мойнуна алып жооп бериш керек болчу. Эң кур дегенде кызматтан алынса жарашмак. Бул болсо акыл айтып, кыжырды кайнатууда…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: