2017-жылдын 10-октябры күнү саат 16:57де Ысык-Кол облусунун Тамчы айылында жол кырсыгы катталган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик № В8620N АУДИ-80 үлгүсүндөгү автоунаа жана мамлекеттик № I18-61Z УАЗ “Таблетка” маркасындагы автоунаа сүзүшкөн. Унаалардын ичиндеги адамдар бактыга жараша эч кандай жаракат алышкан эмес. Куткаруучулар унаанын жабылып калган эшигин ачышып, жүргүнчүлөрдү чыгарышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ