Menu

КР Чек ара кызматы: Казакстанга өтүү 4 бекетте кыйын болууда

Бөлүшүү:

Учурда кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө Таластагы “Чоң-Капка” жана Чүйдөгү «Ак-Жол» , «Ак-Тилек» жана “Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн  Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, кечээтен бери кырдаал өзгөрө элек. Жарандар да, автоунаа да топтолуп турат. Казак тараптан азырынча бул боюнча расмий комментарий бериле элек.

Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырышкан. Интернетте да ушундай кабар тараган.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп сындаган. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолукканын, дагы бир талапкер Темир Сариевдин казактандык бизнесмен Булат Утемуратов менен телефондон сүйлөшкөнү тараган аудиожазууларды сынга алган.

Кыргызстан Казакстан менен чек арасын күзөтүүдө күчөтүлгөн тартипке өткөнүн бүгүн Мамлекеттик Чек ара кызматы кабарлады.

Ага чейин казак чек арачылары транспорттун жана адамдардын өтүүсүн күчөтүлгөн тартипте текшере баштап, мунун айынан өткөрмө бекеттерде адамдар жана автомашиналар топтолуп калган. Мындай көрүнүш азыр да уланууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартип “президенттик шайлоо мөөнөтүнө” киргизилгенин, кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок экенин белгилеп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: