Menu

Текебаев менен Чотонов сегиз кишилик камерага которулду

Бөлүшүү:

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов Бишкектеги №1 тергөө абагынын сегиз адам отурган камерасына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, борбордун эки кызматкери бүгүн Текебаев жана Чотонов менен жолугуп келишти, укук бузуу же кыйноо тууралуу арыз-даттануу түшкөн жок:

– Текебаевдин сөзү боюнча, аларды тергөө абагынын эң шарты жакшыраак камерасына жайгаштырыптыр. Камера жалпы экен. Сегиз адамдык. Ал Чотонов менен чогуу экен. Экөөнөн тышкары алты адамдын арасында мурда соттолгондор жок. Баары мурда мамлекеттик кызматта иштегендер экен. Кармоо шартына арыз түшкөн жок, болгону ден соолугуна байланыштуу №47 колонияга которууга көмөктөшүүнү суранышты.

№47 абак Бишкекте жайгашкан, ал жакта дарыланып жаткан соттолгондор кармалат.

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы “Мегаком” уюлдук компаниясы үчүн орус жаранынан бир миллион доллар пара алган деген айып менен ар бири сегиз жылдан соттолгон. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун мындай өкүмүн жакында шаардык сот күчүндө калтырды.

Чотoнов менен Текебаев быйыл февраль айынын аягында кармалып, ошондон бери УКМКнын тергөө абагында жатышкан. Сот өкүмү чыккандан кийин алар №1 тергөө абагына которулду.

Соттолгон эки саясатчы жана алардын тарапкерлери өкүмдү оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн бийликтин куугунтугу деп атап келе жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: