Menu

ИИМ вице-премьер-министр Темир Жумакадыров катышкан жол кырсыгынын күбөөлөрүн издөөдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө башкармалыгы жол кырсыгынын күбөөлөрүнүн өздүгүн тактап жатат. Бул туурасында ИИМдин ПМББнын Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 7-октябрь күнү болжол менен саат 06:45 чамасында Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылынан Бишкек-Чалдовар автожолунун 36 км чакырымында үч адамдын өмүрүн алган жол –транспорттук кырсык катталган. “Камаз” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай «Тойота Ленд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү автоунааны сүзгөн. Жол-транспорттук кырсыктын айынан Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы менен айдоочусу каза болгон. Ошондой эле, “Камаз” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаанын жүргүнчүсү денесинен жаракат алган. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузу менен бир нече адамдын өлүмүнө алып келүү) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Кыргыз Республикасынын ИИМнин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы бул факты боюнча тергөө органдары иликтөө иштерин жүргүзүп жатканына байланыштуу жол-транспорттук кырсыкка күбөө болгон же кандайдыр-бир буга тиешелүү маалыматтары бар жарандарды төмөнкү телефон аркылуу байланышып коюуңуздарды суранат: (0-555) 123 737, (0-553) 292 626, (0-312) 630 901. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: