Menu

Назарбаев кыргыз-казак чек арасындагы маселени чечүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнура Төралиева “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, бүгүн премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Сочидеги жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат берди.

Исаков чек арадагы абалдан Кыргызстандын гана эмес, Казакстандын жана башка үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары да жапа чегип жатканын белгиледи. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада жаралган бардык маселелерди чечүүнү тапшырганы кабарланды.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, “Ак тилек”, “Чалдовар” жана Таластагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезекке турушкан.

Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырышкан. Казакстандын Чек ара кызматы “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөрмө бекеттен жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү, товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн жарыялаган.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылып жатканына 11-октябрда “Азаттыктын” кабарчысы да күбө болгон. Казакстан менен чек арасын күзөтүүдө күчөтүлгөн тартипке өткөнүн Кыргызстандын Чек ара кызматы да кабарлап, муну “президенттик шайлоо” менен түшүндүргөн. Кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок экенин маалымдаган.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп сындаган болчу. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолукканын, дагы бир талапкер Темир Сариевдин казакстандык бизнесмен Булат Утемуратов менен телефондон сүйлөшкөнү тараган аудиожазууларды сынга алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: