Menu

Каталониянын көз карандысыздыгы тууралуу декларацияга кол коюлду

Бөлүшүү:

10-октябрда Каталония парламентинин депутаттары «Каталония өкүлдөрүнүн декларациясына» кол коюшту. Анда Испаниянын аталган аймагы «көз карандысыз республикасы» болгону жазылган.

Декларацияга кол коюу салтанаты Каталониянын өкмөт башчысы Карлес Пучдемон парламентте сөз сүйлөгөндөн кийин өттү. Анда Каталония лидери автономдук облус 1-октябрдагы референдумдун жыйынтыгы менен Испаниядан бөлүнгөнүн айтты. Бирок ал аймактын көз карандысыздыгы тууралуу расмий жарыялоо бир нече аптага жылдырылганын, анткени алгач Каталониянын Испаниянын курамынан чыгуусу боюнча Мадрид менен сүйлөшүүлөрдү жөнгө салып алуу керектигин билдирди. Андан тышкары Пучдемон Барселона сүйлөшүүлөргө башка «өлкөлөр менен уюмдар» ортомчу болот деп күтүп жатканын кошумчалады.

Испания премьер-министринин орун басары Сорайя Саэнс де Сантамария Пучдемондун айткандарын сынга алып, Каталониянын өкмөт башчысы ким менен жана каякка барууну билбестигин айтты. Испаниянын өкмөтү бүгүн чукул жыйынга чогулат. Мурдараак испан премьери Мариано Рахой Каталония лидерлери жикчилдик пландарынан баш тартмайынча алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн эмес экенин билдирген.

Каталониянын көз карандысыздыгы тууралуу референдум 1-октябрда өткөн. Аймактын Испаниянын курамынан чыгышын добуш берген жарандардын 90 пайыздан ашыгы колдогон. Мадрид референдумду мыйзамсыз деп жарыялаган. Каталониянын өзүн көз карандысыз республика деп жарыялоосуна Испаниянын аймактык бүтүндүгүн колдогон Франция, Германия жана Италия өлкөлөрү каршылыгын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: