Европа парламентинин эл аралык иштер комитети Орусияга каршы киргизилген санкцияларды катаалдатууну жана Евробиримдиктин «Чыгыш өнөктөштүк» долбооруна катышкан өлкөлөр менен байланышын бекемдөөнү сунуштады. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Брюсселдеги кабарчысы билдирди.
Маалыматка караганда, мында биринчи кезекте ЕБ менен ассоциация тууралуу келишимге кол койгон Грузия, Молдова жана Украина тууралуу болууда. Комитеттин сунушунда бул өлкөлөрдүн келечекте бажы биримдигине, бирдиктүү энергетикалык жана санарип базарына, ошондой эле Шенген аймагына кирүүсүнө жол ача турган программаларды иштеп чыгуу каралган.
Милдеттүү юридикалык мүнөзгө ээ болбогон комитеттин сунушу эми Европарламенттин пленардык жыйынында каралышы керек.
24-ноябрда Брюсселде «Чыгыш өнөктөштүгү» саммити ачылат. Ага мүчө өлкөлөрдөн тышкары Армения, Азербайжан жана Беларус мамлекеттеринин өкүлдөрү дагы катышат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ