Сапар Исаков кечээ, 11-октябрда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Өкмөт башчы мындан бир гана Кыргызстандын жарандары эмес, Казакстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары да жабыркап жатканын билдирди.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин Президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын Өкмөтүнө чек арадагы бардык болуп жаткан маселени чечүү боюнча тапшырма берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ