Menu

Манас Акматбеков менен Бахадыр Сулейманов кан кудалардан болушту

Бөлүшүү:

Кезегинде ИИМдин орун басары болуп жүргөн түбү таластык МЕНТ Манас Акматбековду билесиңерби? Кадимки ханзаада Максим, Марат Бакиевдердин кареги менен тең айланып, эски режим тушунда болушунча көпкөн бул эргул жакында уулун кадимки «Ата Мекен» партиясынан депутат Бахадыр Сулеймановдун кызына үйлөнтүп, чоң той өткөрдү. Албетте, эки жашка мындай шартта бакыт гана тилейбиз! Жаш жубайларга өкүл ата болуп Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов дайындалып, той баш калаадагы кымбат баалуу ресторандардын биринде үстөлдүн үстү титиреген тейде уланды. Манас Акматбеков менен Албек Ибраимовдой бийликчил жерден куда күткөн Бахадыр Сулейманов жакындан тарта өзү да Чүйдөгү дунган айылдарындагы туугандарын толугу менен бийликчил талапкерге үндөп жатканы каңкууланууда. Албек Ибраимов менен Бахадыр Сулейманов го бийликчил талапкерге үгүт кылса жарашат, а берки Манас Акматбеков жердеши Өмүрбек Бабанов бийликке келип калса кантээр экен? Таластыктар жердешчилик мыйзамды бузуп, башкаларга «ойт берип» кеткендерди эзели кечирбесин эске алганда, бу көпкөн МЕНТке кыйын болуп калат го?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: