Menu

Жалал-Абадда жаңы төрөгөн эне каза болду. Учурда тергөө жүрүүдө

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунда төрөттөн кийин 31 жаштагы мугалим каза болду. Бул туурасында  Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси Раиса Асылбашева билдирди.

“Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын тургуну үй-бүлөлүк дарыгерлердин катоосунда турган. Анын бул алтынчы жолку кош бойлуулугу, бирок үчүнчү төрөтү болгон. Төрөт бөлүмүнө келин ай-күнү жетилип 5-сентябрда келген. Төрөт кесерава жолу менен жүргүзүлүп салмагы 4кг, бою 54см кыз төрөлгөн. Келинди үйүнө 6-күнү чыгарышкан. Чыккандан кийин дене табы көтөрүлүп, ич оорусу тынсыздандыргандыктан, аны Чаткалдагы стационар – борборуна жөнөтүшкөн”, – деп айтып берген ал 24.kg маалымат агенттигине.

“Эки күндөн кийин аны Ала-Бука аймактык ооруканасынын гинекология бөлүмүнө которушкан. Бирок ал жактан келиндин абалы жакшырган эмес, андыктан медкызматкерлер аны Ош облус аралык клиникалык ооруканасына жиберишкен. Келиндин абалы оор деп сыпатталган. Ага операция жасалган, бирок абалы жакшырган эмес жана 22-сентябрда каза болуп калган”, – деп кошумчалаган Раиса Асылбашева.

Аталган факт боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүүдө, алар менен бирге Ала-Бука райондук ИИБ дагы тергөөдө. “Союу жүргүзүлдү, жыйынтыгын күтүүдөбүз. Албетте жакындары врачтардын шалаакылыгынан болду дешүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө анализ жасайбыз жана жыйынтыгын айтабыз”, – деп белгиледи ал.

2017-жылдын 8 айында Кыргызстанда 34 эненин өлүмү катталды. 2016-жылда да дал ушунча болгон.

24.kg сайтынан кыргызчаланды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: