Menu

Ат-Башыда жол кырсыгы катталып айдоочу каза болду

Бөлүшүү:

Нарын облусунун Ат-Башы районунда жол кырсыгы катталып айдоочу каза болду. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 11-октябры күнү саат 12:26да КР ӨКМнин №45 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 375-чакырымында болгон жол кырсыгына чыгышкан. Анда “Мерседес-Спринтер” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Ичиндеги айдоочу алган жартынан улам каза болгон. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар каза болгон айдоочунун денесин унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: