Пхеньян АКШ президенти Дональд Трамптын Түндүк Кореяны жок кылууга даяр экендиги тууралуу билдирүүсүнө катаал жооп кайтарат. Бул тууралуу өлкөнүн ТИМ башчысы Ли Ён Хо Пхеньянда ТАСС агенттигинин делегациясы менен сүйлөшүү маалында билдирди.
Анын айтымында, өлкө үчүн өзөктүк курал тышкы коркунучтардан коргонуучу каражат болуп эсептелет жана өзөктүк программа боюнча эч кандай сүйлөшүүлөргө макул болбойт.
Түштүк Кореянын аскер адамдарынын кабарлашынча, шаршембиге оогон түнү Корей жарым аралынын үстүнөн америкалык эки аскер учагы өтүп, андан соң Түштүк Корея жээктеринде ракеталарын сынашкан. АКШ болсо Жапония жана Түштүк Корея аскердик учактары менен биргеликте түнкү машыгууларды уюштурганын билдирген.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, ал маалда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп күч түзүм башчылары менен Түндүк Кореянын агрессиясына ыктымал жооп берүү жолдорун жана анын өзөктүк курал колдонуусунун алдын алуу маселелерин талкуулап жаткан.
Түндүк Корея ядролук жана ракеталык сыноолорун күчөтүп, АКШнын дарегине карата кескин билдирүүлөрдү айткан соң, Вашингтон менен Пхеньяндын ортосунда чыңалуу өөрчүп кеткен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ