Menu

Түркмөн президенти сууга болгон тарифти жогорулатууну тапшырды

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 11-октябрда суу, газ жана электр кубаты үчүн жеңилдиктерди жокко чыгарууга көрсөтмө берди. Тапшырма мунай баасы төмөндөп, мамлекеттин кирешеси төмөндөп, экспорт азайган маалга туш келди. Reuters агенттиги билдиргендей, бул чаранын аркасы менен өлкөдө калк колдонгон таза суу 25 эсеге жогорулашы ыктымал.

Түркмөнстанда киши башына 7,5 куб метр суу бекер берилет. Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон жарлыкка ылайык, бул жеңилдиктен тышкары колдонулган ар бир 10 куб метр суунун наркы беш манатка (1,43 долларга) чейин жогорулайт. Учурда тариф 0,2 манатты (0,06 доллар) түзөт. Бердымухамедов жума башында акырындык менен жеңилдиктер жоюла турганын билдирген.

Учурда өлкө жарандары газ жана электр кубатын белгилүү бир өлчөмдө бекер алат, калган бөлүгүн жеңилдетилген тариф менен төлөшөт. “Мамлекеттик каражаттарды үнөмдүү жана эффективдүү колдонууга мезгил жетти”, – деп билдирген Бердымухамедов.

Президент субсидиядан баш тартуудан түшкөн каражат 69 миллиард долларга бааланган инвестициялык программаларга жумшала турганын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: