Menu

Трамп: “Фейк маалыматтарды” тараткан ММКлардын лицензиясы алынышы мүмкүн

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп такталбаган маалыматтарды тараткан ММКлар жабылышы мүмкүн экенин билдирди.

Трамптын каардануусуна NBC News телеканалында чыккан кабар себеп болгон. Анда бир нече ай мурун Пентогон жыйынында АКШ президенти өзөктүк арсеналдарды он эсеге көбөйтүү зарылдыгын айтканын, бул үчүн мамлекеттик катчы Тиллерсон аны “келесоо” деп атаганын билдирген.

АКШ президенти өзөктүк арсенал жана Тиллерсон жөнүндөгү маалыматтар аны каралоо үчүн ойдон чыгарылганын белгилеп, жалган маалымат берген телеканалдардын лицензиясы жокко чыгарылышы мүмкүн экенин эскертти. Укук коргоочулар мамлекет башчынын бул билдирүүсүн Конституция менен кепилдендирилген сөз эркиндигине асылуу катары баалап жатышат.

Трамптын шайлоо штабы менен Орусиянын ыктымал байланышы иликтенип жаткан маалда ал Чалгындоо комитетине ММКлардагы “фейк маалыматтарды” иликтөөнү сунуштады. АКШ президенти эң орчундуу саясий маселелер боюнча ар түрдүү көз караштарды камтууну милдеттендирген 1987-жылы жоюлган тарипти калыбына келтирүү зарылдыгын да айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: