Menu

14-октябрь – “Жымжырт күнү”

Бөлүшүү:

КР Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 2017-жылдын 14-октябрында Кыргызстан боюнча үгүт иштери токтотулуп, “жымжырт күнү” деп жарыялана турганын маалымдайт. Бул туурасында комиссия өзүнүн расмий сайтына маалымат жайгаштырды.

Бул күнү Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзүүгө укуктары жок.

Ошондой эле, үгүт жүргүзүү үчүн БШК тарабынан аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары үгүт жүргүзүүгө укуктары жок.

Шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан “жымжырт күнү” бузулган учурда БШК аларга карата чара көрүүгө укуктуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: