Menu

Афинада тажик оппозиционери кармалды

Бөлүшүү:

Афинада тыюу салынган Тажикстан кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Шохнаими Карим кармалды.

Шохнаими Карим (Мирзорахима Кузова) 9-октябрда Афинанын эл аралык аэропортунда Интерполдун суроосу менен кармалган. Эртеси аны Грециянын четиндеги Коридаллос түрмөсүнө которушкан. Жакынкы күндөрү адвокат менен камсыздалат.

Маалыматтарга караганда, соңку жылдары Шохнаим Түркия жана Иранда, үй-бүлөсү Тажикстанда жашап жаткан.

2015-жылы Тажикстандын коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзоданын козголоңунан кийин диний партия мамлекеттик төңкөрүшкө айыпталган. Тажикстандын Жогорку соту аны террордук уюм деп атап, өлкөдө уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Карим козголоңчу генерал Абдухалима Назарзода өлтүрүлгөнгө чейин эле Тажикстандан чыгып кеткен.

Тажикстан кайра жаралуу партиясынын жетекчилиги Греция бийлигине кайрылып, Тажикстанда Шохнаими Каримге карата саясий өңүттө кылмыш иши козголгонун белгилешти. Human Rights Watch, Freedom House жана башка эл аралык укук коргоо уюмдары тажик оппозиционерин коргогон билдирүү менен чыгышары күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: