Menu

Өзбекстан КМШ өлкөлөрү менен бирге чек ара коопсуздугун камсыздоого даяр

Бөлүшүү:

Өзбекстан бийлиги Тажикстандын чек ара маселелери боюнча тынчсыздануусун түшүнөт. Бул тууралуу Өзбекстандын коргоо министри, генерал-майор Абдусалом Азизов орусиялык кесиптеши Сергей Шойгу менен жолугушуу учурунда билдирди. Маек 12-октябрда Душанбеде өткөн КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.

Жыйынга Орусия, Беларус, Казакстан, Армения, Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстандын коргоо министрлери, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы катышты.

Абдусалом Азизов Өзбекстан КМШ өлкөлөрүнүн түштүктөгү чек араларын коргоону камсыздоого катышарын билдирди.

“Биздин дагы Ооганстан менен чек арабыз бар. Тажикстан же Кыргызстанда бир нерсе болсо – ал сөзсүз түрдө Өзбекстанга да кедергисин тийгизет. Себеби бул жер бир организм. Айрым аймактарда такыр эле чек ара жок. Ошондуктан бул багытта эриш-аркак кызматташууну уюштуруу жана камсыздоо өтө маанилүү”, – деди Абдусалом Азизов.

Өзбекстандын коргоо министри акыркы жыйырма жылдан бери Тажикстанга биринчи жолу келди.

Душанбеде өткөн КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынында Куралдуу күчтөрдүн 2018-жылдагы бирдиктүү иш-чараларынын планы кабыл алынды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: