Menu

Орусия Крымдын сүрөтү түшүрүлгөн банкнот чыгарды

Бөлүшүү:

200 жана 2000 рубль номиналындагы жаңы банкноттор менен 12-октябрда Орусиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина тааныштырды. Аларда Ыраакы Чыгыштын жана аннексияланган Крымдын сүрөттөрү түшүрүлгөн.

Борбордук банктын төрайымынын айтымында, Орусиянын аталган эки аймагына жаңы акча ушул айдын ичинде барат. Ал эми жүгүртүүгө бүткүл өлкө боюнча декабрь айында гана чыгартылат.

Бул аралыкта Украина президенти Петро Порошенко кечээ Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы – ПАСЕнин жыйынында сүйлөгөн учурунда Крымдын Орусияга кеткени “ишке ашкан факт” жана Киев мунун ордуна компенсация алса болот деген ойлорду четке какты.

Орусия менен Крым үчүн Украинага мунай, газ же акча түрүндө компенсация төлөөсү боюнча диалог жүрүшү керек деген сунушту ПАСЕнин жыйынында Чехия президенти Милош Земан жасаган болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: