Menu

Сапар Исаков Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары менен жолукту

Бөлүшүү:

Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары менен  жолукту.

Жолугушуунун башында Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбевдин атынан анын кайрылуусун окуду.

Өзүнүн кайрылуусунда мамлекет башчысы Ысык-Көлдүктөргө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, алты жыл аралыгында маанилүү татаал тапшырмаларды ишке ашырууга жетишкенин айткан. Бул жылдар аралыгында энергетикалык көз карандысыздык, ири транспорттук долбоорлор жана коргоого татыктуу армия түзүлдү.

Ысык-Көлдүктөргө кайрылуусунда Президент Алмазбек Атамбаев  алдыда боло турган Президенттин  шайлоодо маанилүүлүгүн жана анда туруктуулукту, тынчтыкты сактоо керектигин билдирген.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын көп улуттуу жарандарын биримдикке чакырган.

Аймактын тургундарына кайрылып жатып Сапар Исаков Ысык-Көл облусундагы саркынды сууларды  тазалаоо жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен түзүлгөн макулдашуунун бардык деталдарын айтып берди.

Ошондой эле  Премьер-министр Сапар Исаков жакынкы эки жыл ичинде, Өкмөт Ысык-Көл облусунда болжол менен бир шакек жолду толугу менен калыбына келтирүү, анын ичинде өлкөнүн аймактарында, таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана ички жолдорду калыбына келтирүү маселелерин чечүү үчүн бир топ күч-аракеттерди жасай турганын билдирди.

Ошол эле учурда Өкмөт башчы аймактардын өнүгүүсүнө салым кошуу боюнча жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип, туризмди өнүктүрүү, экологиялык проблемаларды чечүү, спорттук жана маданий мекемелерди куруп калыбына келтирүү, мамлекеттик ипотекалык көмөк көрсөтүү, дыйкандарды жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу курорттук аймакты тазалоо жана кайра иштетүү чарбалары тууралуу талкуулады.

Андан соң жыйынга келгендер жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыровду эскерип бир мүнөттүк тыныгуу өткөрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында андагы айтылган маселелер тууралуу тиешелүү органдарга тапшырмалар берилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: