2017-жылдын 12 октябрында КР МУКК тарабынан Сирияда чагымчыл топтор бөлүгүнүн катарынан келген, Жалал-Абад областынын тургуну, 1980-ж.т., КР жараны У.А. кармалды.
У.А. 2015-жылы «Ахрар аш-Шам» Эл аралык террористтик уюмуна мүчө болуп, Сирия өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуш аракеттерине катышкан.
Ал Сирияда жетим балдардын идеологиялык борборлорунун бирин жетектеп, «джихадизм» боюнча сабактарды өтүп, эл аралык террордук бандтүзүмдөрүн адам ресурстары менен камсыздап турган.
Кыргызстанга Эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) башчыларынын тапшырмасы боюнча террор чабуулдарын уюштуруу жана ишке ашыруу максатында келген.
Азыркы убакта кармалган У.А. террордук ишмердүүлүккө тиешеси бар экендигин мойнуна алды.
Кармалган адамга карата тергөө иш-чаралар улантылып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ