Menu

Түндүк Корея Крымды “Орусиянын ажырагыс бөлүгү” деп атады

Бөлүшүү:

Пхеньян Крымды Орусиянын ажырагыс бөлүгү деп эсептейт. Бул тууралуу Орусиянын Түндүк Кореядагы элчилиги Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Элчилик маалымдагандай, Түндүк Кореяда дүйнөнүн жаңы саясий атласы чыккан. Анда Крым Орусиянын бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн. Түндүк Кореянын ТИМи Крым боюнча Орусияда өткөн референдумду легитимдүү деп эсептейт.

Крым Орусия тарабынан 2014-жылы мартта аннексияланган. Түндүк Корея Украинанын аймактык бүтүндүгү боюнча БУУнун резолюциясына каршы добуш берген. Жалпысынан документке 11 өлкө, анын ичинде Орусия өзү каршы чыккан.

Эл аралык уюмдар Крымдын аннексияланышын мыйзамсыз деп, Орусиянын аракеттерин айыпташкан. Батыш өлкөлөрү бир катар экономкалык санкцияларды киргизишкен. Орусия жарым аралды басып алганын четке кагып, муну “тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү” деп атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: