Menu

“Жашы жете электердин жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча соттук тажрыйба тууралуу” токтому бир добуштан кабыл алынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2017-жылдын 13-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Жогорку Соттун кезектеги Пленумунун отуруму болуп өттү. Анда Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Сотунун  төрайымы Айнаш  Токбаева,  “2013-2015 – жылдарда каралган мыйзам менен каршы абалда болгон жашы жете элек өспүрүмдөрдүн  жана жаш балдарга карата зомбулук жана катаал мамиле кылуу боюнча жазык иштерди жана аларга карата бөгөт коюу чарасын тандоо тууралуу материалдарды жалпылоодо

Пленумдун “Жашы жете электердин жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча соттук тажрыйба тууралуу” токтомун иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болгон”-деп  билдирди.

Айта  кетсек, токтомдун долбоорун иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзамдарына өзгөртүүлөр, толуктоолордун киргизилиши, ошондой эле жаңы мыйзамдардын кабыл алынышы себеп болду. Аталган маселе боюнча биздин Жогорку соттун судьясы Каныбек Бокоевдин жетекчилиги менен  мыйзамдар менен иштөө, соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы талдоо жана Пленумду камсыздоо Башкармалыгынын – жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук тажрыйбаны жалпылоо сектору жергиликтүү соттор тарабынан 2013-2015- жылдарда  каралган жаш өспүрүмдөргө, жашы жете электерге карата зомбулук, катаал мамиле жасоо же жеке кадыр-баркын дайыма кемсинтүү жана бөгөт коюу чараларын  тандоого байланыштуу жазык иштерин жалпылап, Сиздерге сунушталып жаткан токтом долбоорду иштеп чыгышкан. Токтом долбоордун көчүрмөлөрү өз убагында жергиликтүү сотторго жана тиешелүү мекеме-органдарга жөнөтүлүп, келтирилген сунуштарды эске алуу менен кайрадан иштелип чыгып, Жогорку соттун Илимий-консультативдик кеңешинде да каралып, талкууланган.

Жашы жетпегендерге карата бөгөт коюу чарасын тандоодо маселелер жаралгандыктан, токтомдо аталган багыт боюнча суроолор кененирээк каралган. Тактап айтканда, соттордун жашы жетпегендин кармалгандыгынын мыйзамдуулугун жана ага карата бөгөт коюу чарасын тандоодо прокурордун өспүрүмдү жеке сурак кылгандыгына көңүл бурулган.

“Баланын укуктары жөнүндө” Конвенцияга ылайык камакка же түрмөгө алуу мыйзамдын негизинде жүзөгө ашырылат жана акыркы чара катары колдонулуп, болушунча кыска мезгилге колдонулат.

Мындан сырткары, соттордун КР ЖПКнин 22- беренесинин 2-бөлүгүн, Кыргыз

Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексинин 87- беренесин жана Пекин эрежелеринин “Купуялуулукту камсыз кылуу жөнүндөгү” 8-эрежесинин иштерди жабык соттук отурумдарда кароо тууралуу талаптарын сактоосуна өзгөчө маани берилген.

Жашы жете электердин жоопкерчилигин жана аларга жаза дайындоо тууралуу маселени чечүүдө, жазык мыйзамынын кылмыш-жаза жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрүн жетекчиликке алуу жана тиешелүү эл аралык ченемдердин жоболорун эске алынышы тийиш экендиги белгиленген.

Кылмыштар же өкүмдөр жыйындысы боюнча жашы жетпегенге жаза белгилөөдө эркиндигинен ажыратуунун жогорку мөөнөтү он жылдан ашпоого тийиш экендиги түшүндүрүлгөн.

Мындан сырткары токтом өзүнө  соттук  практикада   жашы  жете электердин  катышуусундагы  кылмыштардын ишин  кароодогу бир  топ  маселелер камтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: