Menu

Канат Исаевдин кызы Бермет Исаева: “Иним Чыңгыз экөөбүз Москвадагы окуубузду калтырып Бишкекке келдик”

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 30-сентябрында Улуттук коопсуздук кызматы бийликти күч менен басып алуу беренесине шектелип, ЖК депутаты, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаевди кармаган. Башкы прокуратура  Канат Исаевдин Өмүрбек Бабановдун тарапкери катары,  кылмыштуу топ менен бирдикте, президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгып, анда Бабанов өтпөй кала турган болсо, фальсификацияланды  деп,  митингге катышчу кишилерди топтоо максатында акча— миллион сом таратып жатканын белгилейт. Акыры митинг  баш-аламандыкка, бийликти күч менен басып алууга өтүп кетмек деген шектенүү болгон. Канат Исаев тартылган видео социалдык тармактарга кеңири тараган.  Учурда кылмыш иши козголуп, Канат Исаев убактылуу жайда кармалып жатат. Биз Канат Исаевдин кызы Бермет менен байланышып,  бир нече суроо бердик.

—Бермет, атаңыз Канат Исаевдин ал-абалы кандай, кабар алып жатасыздарбы?

—Атамдын ишине  “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан, жалаң адвокаттар  аркылуу  эле байланышып,  кабар алып келгенбиз. Төрт адвокаты — Бакыт Осмоналиев, Азизбек Турдалиев, Чынара Жакупбекова, Улан Жумаков аркылуу. Улам-улам арыз жазып атып, кечээ апам абакка кирип чыгууга мүмкүнчүлүк алып, атама жолугуп келди. Атамдын ал-абалы, ден-соолугу дурус экен. Адаттагысындай эле ал жакта да спорт менен машыгып жатыптыр. Атама көп китеп, анын ичинде саясий китептер, жайнамаз, Куран китеп бергенбиз, беш маал намаз окуп атыптыр.

—Атаңыз намазга жыгылчу беле?

—Ооба, атам Меккеге үч жолу барып келген, аравиялык принц аны Каабага киргизген. Мурда убактысынын жоктугунан, жума намазга эле жыгылып жүрсө, азыр күнүнө беш маал окуйт экен.

—Тамак-аш, кийим-кече киргизет бекен?

—УКМК СИЗОсуна бирдеме киргизүү абдан оор экен. Бир гана  ишемби күндөрү эле киргизсе болот. Биз ишемби күнү тамак-аш,  кийим-кече киргизип бердик. Азырынча жакшы.

—Башка бир туугандарыңдын абалы кандай?

—Мен эң улуусумун, 21 жаштамын, Чыңгыз 17 жашта. Тынай 15 жашта, эң кенжебиз Канышай 4 жашта. Биз Чыңгыз экөөбүз Москвада окуйбуз, мен МГИМО магистратурасынын 1-курсунда,   Чыңгыз Москва мамлекеттик  юридикалык академиясынын бакалавриатынын 1-курсунда окуйт.  Уккандан кийин эле дароо эле “апабыздын жанында болуп, жардам берели, сотко катышалы” деп, окуубузду калтырып, бул жакка учуп келгенбиз. Буюруп, атам акталып калса, биз кайра кетип, окуубузду улантабыз. Кенжебиз Канышайга атам командировкада жүрөт деп койгонбуз.  Ал эми апам атама жолугуп келгенден кийин, “атаң телефон чалып, салам айтты, жакында келип калат” деп койдук. Бирок ал деле сезип жатат, анткени телевизордон көрсөтүп жатат. Андайды укканда бетин жаап, уккусу келбей калат. Бизден да эч нерсе деп сурабайт.

—Ал эми апаңдын абалы кандай?

—Апам кайраттуу, күчтүү  киши. Биздин көзүбүзчө такыр ыйлаган жок, эркектин да, аялдын да жумушун жасап жатат. Эртең менен эрте турат, атамдын иштерин да жасап жатат. Туугандар менен катташып, атама посылка алып барып, адвокаттар менен катташып, жакындар менен жолугуп, ошол эле учурда жумушун да бүтүрүп.

—Апаңыз эмне жумушта иштейт?

—Апам —юрист.  Иштеген жерин айтпай эле коеюн. Эки кесиби бар, биринчиси—бухгалтер, экинчи билими—юрист, юрист болуп иштейт. Мен жана үй-бүлөм жанагы видеодогу кишилер менен тааныш эмеспиз. ЖМКда жазып жаткан кылмыштуу топтогу делген кишилер ким экенин билбейбиз. Атам эч убакта кылмыштуу топтогу кишилер менен байланышта болгон эмес.  Атам  ишенчээк адам, бирөөгө эч убакта жамандык кылбайт. Ак эмгеги менен иштейт, ак эмгеги менен бизди өстүрүп жатат.

—Атаңыз акталып чыгат деп ишенесиздерби?

—Ооба, элдин баары эле көрүп жатат. Бул— саясий куугунтук, атам саясий куугунтуктун курмандыгы болуп калды. Бирок, буюрса, атам жакын арада эле акталып чыгат. Анткени атам катышкан видео монтаждалган, биз да аны көрүп жатабыз, ал жерде “бийликти басып алам” деген ниети жок, юридикалык жактан карасак, эч кандай факты жок, атам террорист эмес, курал-жарагы да жок. Бул саясий гана иш болуп калгандыгы көрүнүп турат.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: