Menu

Атамбаев Баткен облусунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев  13-октябрда Баткен облусуна жасаган иш  сапарынын алкагында облустун  активи жана коомчулугу менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жарандар алдында чыгып сүйлөп,  Мамлекет башчысы  көрсөткөн  колдоосу жана ишеними үчүн  аларга чын дилинен ыраазычылык билдирди.  Алмазбек Атамбаев  өлкөдө акыркы жылдары орун алган урунттуу  өзгөрүүлөр туурасында айтып берди.

Президент ошондой эле  баткендиктердин  облустун социалдык-экономикалык мындан ары өнүгүшүнө, инфраструктуралык долбоорлорду ишке  ашырууга байланыштуу  суроолоруна дагы жооп берди.

Баткен облусунун жашоочулары Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге  облустун энергетикалык системасын чыңдоо, стратегиялык автожолдорду куруу, чек ара маселелерин чечүү, ирригация тармагын өнүктүрүү боюнча акыркы жылдардагы аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдиришти. Таза шайлоолорду өткөрүү боюнча жумшап жаткан аракеттери үчүн Мамлекет башчысына өзгөчө ыраазычылык билдиришти.

Президент Алмазбек Атамбаев  мамлекет  облусту мындан ары өнүктүрүү үчүн актуалдуу милдеттерди чечүү боюнча иштерди уланта берээрин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: