Menu

Темирландан башкасы жокпу?

Бөлүшүү:

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков кезектеги “трюкту” жасап, этектүүнү көргөндө эрмешип, ар дайым аялдарга жармашкан Темирлан Сманбековду Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрына жетекчи кылып койгону көпчүлүктү таң калтырууда.Себеби, Темирлан Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрын жетектеп турган мезгилде иши коррупциялык чууга айланып, театрдын мурунку жетекчиси Марат Алышпаев тарабынан ийри иштери чукулуп чыккан. Ал киши Сманбековду артисттердин эмгек акысын бербестен, бир катар демөөрчүлөр менен иштешип акча жасоону көздөгөнүн, каражат бухгалтерияда кириш-чыгыш болгон эместигин фактылар менен так айтып, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына арыз жазган. Бирок, алар эмне менен бүткөнү азыркыга чейин белгисиз. Ошондо бети кызарган Сманбеков дароо арызын жазып, Кырдрамдан көчүгүн түйгөн эле. Эми минтип эл сыйлаган Казаков аны кайра кызматка алып келип, жек көрүнүп отурат. Мындан башка маданият тармагында жашыраагы, тазараагы жокпу?

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: