Бир кезде чындыктын, адилеттүүлүк, эрктүүлүк символуна айланган “Ата Мекен” партиясы учурда чар тарабынан тешилип, айрым жеринен ириң агып жаткан кези. Дегенибиз, бул чөйрөгө жалаң көйкашка баатырлар чогулган эмес экен, лидердин башына оор тагдыр түшкөндө саткындар чекеден чыкты. Маселен, партиянын нанын жеп, тузун ичип, ЖоКенин мурунку чакырылышында жакшылыгын көргөн Г.Садырбаев, Т.Балтабаев, Б.Калмаматов, Ж.Сапарбаев, Т.Мадылбеков өңдүү эрендер босогодо жаткан балтектей үрүп чыкканга жарабады. Тескерисинче Текебаевди кээ бири табалап, каалашынча тепкилеп алды. Мындан өткөн саткынчылык барбы? Ал эми азыркы чакырылыштагы С.Нышанов, С.Шер, Б.Сулейманов, Э.Тоетошев, А.Мамашова, А.Муктаров өңдүү нойондор моралдык колдоо көрсөткөнгө жарабай, бийликтин бутуна төшөлүп, Сапар Исаковду премьерликке колдоп берди. Бул саткынчылыктын туу чокусу эмей эмне? Жамандык башына түшкөндө лидердин башын аттаган немелерден кандай жакшылык күтсө болот?
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ