Menu

13-октябрь күнү Бишкек шаарынын эски аянтында шаардык милиция кызматкерлери гарнизондук саптан өтүштү

Бөлүшүү:

Бишкек ШИИББнин башчысынын жетекчилиги алдында милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо маалында кызматка даярдыктарын текшерүү үчүн Бишкек шаарынын эски аянтында гарнизондук саптан өтүштү. Гарнизондук сапка Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

“12-октябрдан баштап Бишкек шаардык ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызматын башташты. Ушуга байланыштуу, шаардык милиция кызматкерлеринен коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоону талап кылам. Андан сырткары, ар бир милиция кызматкерлери жоопкерчиликтүү болуп, жарандарга сый мамиле кылып, коомдук тартиптин бузулбашы үчүн өз убагында тиешелүү чараларды көрүүгө чакырам”,-деп белгиледи Бишкек ШИИББнин башчысы Сталбек Рахманов.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо маалында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында шайлоо участкаларына 1000ден ашуун шаардык милиция кызматкерлери, 500дөн ашык элдик кошуундар менен ички иштер органдарынын ардагерлери тартылды.

Инструктаждар өтүлгөн соң, милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын эски аянтынан майрамдык саптан өтүштү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: