Menu

Сапар Исаков «Ак-Тилек» жана «Акжол» көзөмөл- өткөрүү пунктарына барып чек арадагы абал боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 13-октябрда, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Тилек»  жана  «Акжол» көзөмөл-өткөрүү пунктарына барып чек арадагы абал боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы абал менен жеринен таанышып, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен баарлашты.

Учурда аталган көзөмөл-өткөрүү пункттарында ысык тамак уюштурулуп,  медициналык тез жардам жана куткаруу кызматтары иштеп жатат.

Андан соң Өкмөт башчы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалды жеңилдетүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Сапар Исаков чек арадагы абал оор бойдон калганын  өзгөчө белгиледи.

«Казак тараптын көзөмөл-өткөрүү пункттарына күчөтүү режимин киргизгендигинен улам, биринчи кезекте Кыргызстандын, Казакстадын жана үчүнчү мамлектетердин жөнөкөй жарандары жабыр тартууда. Биз маселенин кыска убакыт аралыгында чечилишине болгон аракетибизди жумшайбыз», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр чек арадагы абалды жөнгө чалуу боюнча  вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев башында турган  курамына  бардык тиешелүү мамлекеттик органдадын жетекчилери кирген  ыкчам штаб түзүүнү тапшырды.

Ошондой эле Өкмөт башчы чек ара  көзөмөл өткөрүү пункттарындагы узакка созулган кезек күтүүлөргө байланыштуу ишкерлер чыгашага учурап жатканын да баса белгиледи.

Буга байланыштуу Экономика министрлигине ишкерлер менен жолугушуп, маалымат берүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: