Menu

Атамбаев Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысы имараттын реставрацияланган жана кайра калыбына келтирилген фасадын карап, театрдын көрүүчүлөр залын көрүп чыкты. Театрдын директору Болот Осмонов айткандай, быйыл реконструкциянын биринчи этабы аяктайт жана фасад менен чатыры толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, имараттын алгачкы түсү кайра калыбына келтирилет. Театрдын имаратынын скульптураларын жана декоративдик элементтерин реставрациялоо боюнча өзүнчө бир катар иштер бүткөрүлгөн. Урап бараткан скульптуралар театрдын фронтонунан түшүрүлүп, толугу менен реставрацияланып, кайра өз ордуларына орнотулду. Имараттын фойесинде дагы ремонттук иштер жүргүзүлгөн, жертөлө бөлмөлөрү, оркестрдин аянтчасы жана театрдын көрүүчүлөрүн тейлөө аймактары капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

2016-жылдын апрель айында Президент Алмазбек Атамбаев театрга барып, жамааты менен жолугуп, кечиктирилбей чечүүнү талап кылган чарбалык жана социалдык-турмуш-тиричилик көйгөлөрдүн комплексин талкуулаган.

Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен театрдын кызматкерлеринин айлык акылары көбөйтүлүп, маданият, искусство тармагынын адамдарына көп батирлүү үй салууга даярдык көрүлүп, театрдын реконструкциясына 37, 4 млн сом бөлүнгөн.

Реконструкциянын жүрүшү менен таанышып чыгып, Президент Алмазбек Атамбаев ремонттук иштерди толук бүткөрүүгө, анын ичинде көрүүчүлөр залында фрескаларды жана живопистик полотнолорду реставрациялоого, паркетти жана олтургучтарды жаңылоого 26 млн сом табууга тапшырма берди.

Мамлекет башчысы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрын реконструкциялоо боюнча бардык иштерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аяктоону камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: