Menu

Атамбаев капиталдык ремонттон кийин Улуттук онкология жана гематология борборун ачты

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 14-октябрда, капиталдык ремонттон кийин  Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборун ачып, Улуттук борбордун келечектеги балдардын жана чоң адамдардын онкогематология  бөлүмүнүн  фундаментине капсула салды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Президент Алмазбек Атамбаев  бүгүнкү окуяга абдан кубанычтуу экендигин белгилеп, Улуттук борбордун оорулуулары  медициналык жардам алуу үчүн татыктуу шарттар түзүлдү деген ишенимин билдирди. Мамлекет башчысы  акыркы  жылдары гана медициналык мекемелерге жана алардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга жетише баштадым, деп сөзүн улады.

“Акыркы бир нече жылдан бери  мен жыл сайын бул жерге келем.  Буга чейин иштеш кыйын эле, кимдин эсинде болсо, мындан үч жыл мурда көчөлөрдү бууп, администрацияларды басып алышчу. Өлкөбүз акыры турукташкандан кийин, биринчи кезекте мектептерге, ооруканаларга көңүл бура баштадык. Мен ушул күндү көрүп турганыма  Кудайга ыраазымын, ушул иш чарага  келген оорулуунун, анын туугандарынын ишеними пайда болот. Андан тышкары, контракты кол коюлуп калган  жабдууларды сатып алгандан кийин биз  оорусу өтүшүп кеткен  адамдарга дагы  реалдуу жардам бере алабыз . Аппараттардын бири 4 млн. доллар турат.

Мен үчүн бүгүн абдан кубанычтуу, бактылуу күн.  Жүрөгүм ооруду, анткени  муну алда качан жасасак болмок, эгерде өлкөнү тытмалап уурдашпаса, эгерде Кумтордүн миңдеген тонна алтыны Кыргызстан элине жумшалса, эгерде бийлик адамдар үчүн иштесе, президенттер өз үй-бүлөсүнүн камын гана ойлобой, жалпы Кыргызстан эли туурасында өз үй-бүлөсүндөй кам көрсө, өз үй-бүлөсүнө караганда ар бир жаран тууралуу кам көрсө”, -деп Президент кыялы ишке ашып жаткандыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы  Кыргызстандын бардык медициналык мекемелеринде оорулууларды дарылоо үчүн жакшы шарттар болушун, жарандарыбыз азыраак оорушун, ден соолукта болушун кааларын белгиледи.

“ Оорчулуктарга карабастан  бир нече күн мурда мен Таласта жаңы театрды ачтым.  Мындан  4-5 жыл мурда эле көйгөлөр көп эле, свет өчүрүлүп, жолдордун тамтыгы чыккан. Театрды ким ойломок эле? Онкологияны жана мектептерди ким эстемек эле? Кудайга шүгүр, Кыргызстан элинин колдоосу менен мүмкүн болбочудай нерсени  ишке ашыра алдык. Албетте, мен Президент катары мага жардам берген адамдарга ыраазычылык билдиргим келет. Таластагы театрга жумшалган 45 млн. сом жана Улуттук онкология борборунун ремонтун аяктоого бөлүнгөн 70 млн сом жана башка Президенттик фонддун каражаттары бюджеттин акчасы эмес. Сиздердин Президент ал жакка дагы акчаларды ар кайсы бизнесмендерден чогултат. Азырынча  жергиликтүү бир дагы бизнесмен бир да тыйын бере элек. Ал турсун Талас театрына дагы бир тыйын беришкен жок. Чет элдик бизнесмендер, россиялык бизнесмендер көп жардам беришти”, -деди Президент.

Мамлекет башчысы  кыргызстандык ишкерлер дагы бул саамалыкты улайт деген ишенимин  билдирди. Алмазбек Атамбаев  жакында Балыкчы шаарында гемодиализ борборун ачкан бир жаранды сыйлагандыгын белгиледи. Ал Талас облусундагы Кара-Буура районундагы ооруканага тез жардам машинасын бергенин кошумчалады. “Кимдин мүмкүнчүлүгү болсо, албетте, учурда өлкөгө жардам бериши керек. Мен өзүм дагы фондго акча салам, анткени бюджетте  акча көп эмес. Эгерде биз жалпыбыз биригип, белди бек бууп, иш  баштасак, Кудай дагы жардам берет”, -деди Президент.

Мамлекет башчысы онкология борборунун жамаатына өзгөчө ыраазычылык билдирди. “Мен сиздердин кандай шарттарда иштеп жатканыңыздарды  көргөм. Бүтүндөй блокко бир гана ажаткана болгон  мезгил эсиңиздерде бар чыгаар, азыр болсо  ал дээрлик ар бир палатада бар. Жабдуулар жок  кез, 24 жылдык жабдууларда иштеген  учурлар болгон, ошондо дагы сиздер эптеп адамдарды дарылап келдиңиздер. Эми онкоборбордо эң заманбап жабдуу болот”, -деди ал.

Президент Алмазбек Атамбаев сөзүнүн акырында  Улуттук онкология борборунун жетекчилерине   онкогематологиянын балдар бөлүмүнө телевизорлорду сатып алууга 150 миң сом тапшырып, зарыл учурда мекеме  үчүн финансылык каражаттар  ар дайым табылат, деп баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: