Menu

14-октябрда 22 836 шайлоочу добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш беришет

Бөлүшүү:

14-октябрда, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, 22 836 шайлоочу добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүгө катышат. Бул туурасында КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.

Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүгө төмөндөгүлөр катышууга укуктуу:

– шайлоо участкасына келе албаган, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар;

– добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар;

– алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар; ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча аскер бөлүктөрүндө, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашкан орду боюнча кирген шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса, добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу, конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлери, өзү жүргөн жери боюнча добуш беришет.

Мыйзам боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана байкоочулардын катышуусунда өткөрүлөт.

Шайлоочуга келгенден кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү анын биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча идентификациялоону ММК оператору менен бирдикте жүргүзөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага чектин ордуна шайлоо бюллетенин берет.

Шайлоо бюллетендерин бергенде участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесинде каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясын жана номурун коет жана ага шайлоо бюллетенин бергени жөнүндө кол коет. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазманын тууралыгын текшерет жана добуш берүүчү жайдан тышкары  добуш бере турган шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коет.

Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жерде толтурулат.

Жайдан тышкары добуш берүүнүн аякташы боюнча добуш берүү үчүн көчмө үкөктөр участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана шайлоо документтерин сактоочу сейфте (шкафта) сакталат, кошумча пломбаланат.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү үчүн жайда добуш берүү аяктагандан кийин башкача айтканда 15-октябрда саат 20.00дөн кийин жүргүзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: