Menu

Жалал-Абад: шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышып жатышат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы ар бир шайлоо участоктору саат 8:00дө ачылып өз иштерин баштады жана шаардык шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу жогорку деңгээлде болууда. Шайлоочулардын катарында Жалал-Абад шаарынын милдетин аткаруучу Салайдин Авазов да таң эрте келип, шаардагы №2106 шайлоо участкасында шайлоого катышып, Кыргызстандын келечектеги президентине өз добушун берди жана элди активдүү катышууга чакырды.

-Бүгүн – өлкөбүз үчүн өзгөчө күн. Мен бардык Кыргызстандын жарандарына шайлоого активдүү катышып берүүсүн жана өлкөбүздүн келечеги үчүн өз салымдарын кошуусун суранат элем. Ал эми Жалал-Абад шаарынын шайлоо участкалары үчүн бүгүнкү күндө шаардык мэрия тарабынан бардык тиешелүү шарттар каралган. Учурда шаар ичинде шайлоо тынч өтүп жатат. Түшкө чейин эч кандай даатануулар болгон жок. Буюрса, Жалал-Абад шаары ынтымакта эч кандай пикир келишпестик болбой шайлоону таза жана ачык өткөрүп алабыз деп ишенем, – дейт С. Авазов.

№2106 шайлоо участканын төрайымы Астрагүл Убрагимованын айтымында, бюллетендер, урналар идентификациядан өткөрүүчү апараттар баары камсыздалып, шайлоо кимиссиясынын мүчөлөрү жакшы иштеп жатышат.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпысынан 25 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны 53 миң 423 киши. Ал эми саат 14.00гө чейин шаар аймагында шайлоочулардын 19 миң 683ү же 36,9 пайызы добуш беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: