Menu

Вашингтон: «Пхеньян менен дипломатия алгачкы бомбага чейин уланат»

Бөлүшүү:

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон президент Трамп ага Түндүк Корея менен дипломатиялык иштерди улантууну тапшырганын жана сүйлөшүүлөр алгачкы бомбага чейин уланарын билдирди. Бул тууралуу ал CNN телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып айтты.

Мурдараак АКШнын президенти Твиттердеги баракчасы аркылуу Ким Чен Ынды «кичинекей ракетачы» деп атап, аны менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү менен Тиллерсон убакытты текке коротуп жатканын билдирген.

Акыркы айларда АКШ менен Пхеньяндын ортосундагы мамиле кыйла начарлап кетти. Президент Трамп Түндүк Корея баллистикалык ракеталарын сыноону жана өзөктүк курал тармагындагы иштерин уланта берсе, өлкө оор кесепеттерге туш болорун айтып бир канча жолу опузалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: