Menu

Европа биримдиги Түндүк Кореяга карата санкцияларды катаалдатты

Бөлүшүү:

Европа биримдиги Пхеньянга карата санкцияларды катаалдатты. ЕБ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери кечээ Люксембургда өткөн жолугушууда Түндүк Кореянын экономикасынын бардык тармагына инвестиция берүүгө жана чийки мунай жеткирүүгө толук тыюу салуу боюнча макулдашты.

Ошондой эле Түндүк Кореяга которууга уруксат берилген акчанын эң жогорку көлөмүн азыркы 15 миң евродон 5000 еврого чейин түшүрүү жана өлкө жарандарынын Евробиримдиктеги жумушчу визаларын узартпоо чечими кабыл алынды.

«Немис толкуну» кабарлагандай, андан тышкары министрлердин чечимине ылайык Түндүк Кореянын бир канча жеке кызмат адамына жана алты ишканасына кошумча санкциялар киргизилет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: