Menu

Талиева уялбайт тура…

Бөлүшүү:

«Ар-Намыс» партиясынын тизмесинен Жогорку Кецешке депутат болуп келип саясатка аралашып калган Камила Талиева деген бар. Ичкен кудугуна түкүрүп, депутат кылган Куловду ээрден оодарып, партия лидери болом деп чыккан жоругу элдин эсинен кете элек. Кийин Кулов куулук кылып, вице-премьерлик кызматка айдап кутулган. Ал кызматта кол алдындагыларды каарып-бутаганы менен таанылды. Ондон ашык айдоочу алмаштырды. Кийин маданият министри болгондо Саякбайды композитор деп шылдың болду. Ошентип жүрүп көзгө көрүнөөрлүк жарытылуу иш жасай албай бийликтен сүрүлдү. Ошондон соң “Фейсбук” социалдык тармагында ар ким менен айтышып, талашып-тартышканды адатка айлантты. Президенттик шайлоодо Темир Сариевди жандап, саясатка кайтуу далалатын кылды. Эми ушул Камила айым эл аралык байкоочулардан бери шайлоо таза өттү деп жатса, жардын жаракасынан чыга калгансып «Шайлоо таза өткөн жок» – деп чыйылдоодо. Уялбайт тура…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: