Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Аскердик абал жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР конституциялык мыйзамдары кабыл алынгандыгына байланыштуу КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырып, парламенттин кароосуна чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиевдин айтымыныда, Мыйзамдардагы «аскердик абал» деген сөздөр толугу менен «согуштук абал» деген сөздөргө алмаштырылууда. «Өкмөт мурда кабыл алынган аскердик абал жөнүндө мыйзамдардагы «аскердик абал» деген сөздөрдү толугу менен «согуштук абал» деген сөздөргө алмаштыруу демилгесин көтөргөн. Ал тармактык комитет тарабынан да колдоо тапты», – дейт ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ