Кыргызстан Ислам Университети октябрь айын “Кайрымдуулук айы” деп жарыялап, анын алкагында ар аптанын жума күнү Кыргызстан Ислам Университетинин уюштуруу тобунун демилгеси менен кыздар тобунун студенттик кеңеши кайрымдуулук жарманкесин өткөрүүдө. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Жарманкеге студенттер даярдап келген тамак-аш азыктары коюлуп, түшкөн каражат муктаж үй бүлөлөргө жана муктаж студенттерге таратылмакчы. Иш чарага университеттин мугалимдери жана студенттер активдүү катышып, жардам колдорун сунушууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ