Menu

Видео – Мирзиёев Рамзан Кадыровду кабыл алды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 16-октябрда Ташкентке жумушчу сапары менен барган Чеченстан башчысы Рамзан Кадыровду кабыл алды. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн песпективалары талкууланып, негизги көңүл өз ара товар алмашуу көлөмүн көбөйтүү, биргелешкен программаларды, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине бурулду.

Тараптар быйыл апрелде кол коюлган Орусия менен эки өлкө аймактарынын кызматташтыгы тууралуу өкмөттөр аралык макулдашуу — түрдүү багыттар боюнча өз ара тыгыз карым-катнаштын өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнүнүн белгилешти.

Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, 16-октябрда Чеченстан лидери белгилүү өзбек дин ишмери Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун бейитине барды. Ал Рамзан Кадыровдун атасы, Чеченстандын биринчи президенти Ахмат Кадыровдун мугалими болгон.

https://www.facebook.com/ozodlikradiosi/videos/10157541982866959/

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: