Алмазбек Атамбаев “Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 14-сентябрында кабыл алынган.
Мыйзам 2007-жылдын 25-майындагы №72 “Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамдын 12,17 жана 19- статьяларынын ченемдерин 2015-жылдын 31-июлундагы №210 “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамдын административдик актыларды, административдик органдардын аракеттерин же аракетсиздигин сотко чейинки тартипте чечүү бөлүгүнө шайкеш келтирет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ