Menu

Оңдоо иштерине байланыштуу Киров суу сактагычындагы суу кое берилет

Бөлүшүү:

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычынын плотинасын оңдоо жана бекемдөө максатында 18-октябрдан тарта анын чөйчөгүн бошотуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жайы министрлиги маалымдады. Ага ылайык, чөйчөктөгү суу түбүнө чейин агызылат.

Суу сактагычтан суу кое берилери тууралуу маалымат анын төмөн жагындагы Талас облусунун Манас районуна жана Казакстандын Чу-Талас аймагындагы суу инспекциясына айтылган.

Кыргызстан Киров суу сактагычындагы суунун 12 пайызын гана пайдаланат, калганын келишимдин негизинде Казакстан колдонот.

Талас дарыясындагы Киров суу сактагычы 1975-жылы курулган.

Айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жайы министрлигинин суу сактагычты оңдоо тууралуу малыматы Астананын демилгеси менен кыргыз-казак чек арасынан адамдардын жана автоунаалардын өтүүсү кыйындаган учурга туш келди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: