Menu

Оштуктар шайлоого эң активдүү катышышты. Административдик ресурс колдонулдубу?

Бөлүшүү:

  Гүлмира АХМЕДОВА, Ош шаарындагы 5328-шайлоо тилкесинин төрайымы: – Шайлоо чөлкөмүндөгү 1443 шайлоочунун ар бири бул сапар өз тандоосун жасаганга абдан ыңгайлуу гана шарт жаратылды. Бул сапар аларга кимдир бирөөлөр тарабынан кысымчылык жана акча таратуу фактылары дегеле катталган жок. Анын үстүнө президентикке талапкерлердин өкүлдөрү, жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар шайлоо тилкелерин тынбай аңдышып, мындай мыйзамсыз жорук-жосундарга таптакыр жол беришпеди.

Айгүл ТҮНГАТАРОВА, байкоочу, Талас шаарынын тургуну: – Танып не. Мурдагы парламенттик жана президенттик шайлоолордо саясий өнөктүк бүтө электе эле чабышып жатып калчу эмес белек. Чындыгында, акчалар дагы самандай чачылчу. Буга улай жергиликтүү аткаминерлер буту үзүлгөнчө жүгүрүшүп, бийликтан кишисин мамлекет башчылыгына шайлоого ачык эле жандалбасташчу да. Кудайга шүгүр, мен бул күнү ушундай теңирден тескери жоруктардын бирин дагы байкаган жокмун. Анын үстүнө санариптик добуш берүү көп тоскоолдуктарга жана эң башкысы добуштардын ачык эле сатылышына биротоло чекит коюп таштады.

Ысмайыл ЭГЕМБЕРДИЕВ, Ош шаарынын тургуну: – Эртелеп жүрөгүмдүн каалоосун жана жарандык вазийпамды гана аткардым. Кимге добуш бергенимди журтташтарыма ачыктоого акым жок! Ошентсе дагы, бул ирет шайланган Кыргыз Президенти мекендештериме күйүмдүү, а эл аралык мамиледе тайманбас жана катаал болуусун чындап Кудайдан тиледим. Тилекке каршы, соңку жылдарда дал ушундай өлкө башчысына кыргызстандыктар эч жетинбей келатпайбызбы.

ххх

Анткен менен президентикке талапкерлердин бири Темир Сариев Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы чукул арада реформага абдан муктаж экендигин, ошондой эле жер-жерлерде шайлоочуларды кадимкидей сатып алуу, коркутуп-үркүтүү. административдик ресурстарды жана криминалды үзгүлтүксүз колдонуу, мамлекеттик жана жеке менчик телеканалды бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн гана кең-кесири урунуу, ошондой эде кара пиар добуш берүүнүн жыйынтыгына айныгыс таасир бергендигин ачык эле моюндады.

– Ооба. Шайлоочуларга өзүнүн позициясын ачык билдирип, өзү жактырган гана талапкерине добуш берүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мунун менен катар болуп өткөн шайлоо биздин шайлоо системасы чукул арада өтө терең реформалоого муктаж экендигин кашкайта далилдеди, – деди президентикке талапкерлердин бири Темир Сариев.

Президенттикке дагы бир талапкер Улукбек Кочкоров бул шайлоонун жыйынтыгын таймашта жеңген инсанга “ишеним кредити” сыңары гана кабылдоо зарылдыгын сунуштады.

– Мен бир нерсени азыр ачык айтып коюум парз! Ушул тапта элди жакырчылык сазына олтургузуп коюп, ар бирине 3000-5000 сом таратып добуш алып, элдин ишениминдемин деген ойдон таптакыр алыс болуш керек. Бул шайлоонун жыйынтыгын “ишеним кредити” сыңары гана кабылдап, күтүүсүз иш-чараларды аткарыш абзел! Жакшы жарандык коомубуз бар деп жатабыз. Буларга моминтип басым-кысымды токтотуу абзел. Кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттарын жабуу, айрым журналисттердин үстүнөн соттук жараяндарды жандандыруу өңдөнгөн көйгөйлөр эч качан жакшылыкка алып барбайт, эй! Ошондуктан, бул жараяндарды чукул арда токтотуу абзел! Жемкорлуктун тамырына балта чабууну бүгүнтөн тарта баштоо зарыл!  Ошол чыныгы жемкорлор, бир ууч адамдар бүгүн элибиздин жана мамлекетибиздин байлыгына каалагандай ээлик кылып, анан ошондон беш-алты жылда бир жолу элге, анан жөжөгө жем сепкендей кичине бир нерсе себелеп добуш топтоп, мындан ары дал ушундай саясатты жүргүзө беребиз десе, бийликтегилер өтө терең жаңылышат, – деп чырылдады Улукбек Кочкоров.

Ал эми президенттик такты үчүн таймашта үчүнчү орундуу ээлеген Адахан Мадумаров бул шайлоонун жыйынтыгын таптакыр эле тааныбай тургандыгын жар салды.

– Шайлоонун тазалыгынан күмөн санай турган көп жагдай катталды. Ооба, мунун кесепетинен добуштар дагы ачык эле уурдалды. Мындан тышкары шайлоодо уткан КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековду өзүнүн нукура атаандашым катары эсептебейм! Мындан ары бул система менен үзгүлтүксүз күрөшүүнү дагыле ыраатту түрдө улантам, – деп катуу эскертти Адахан Мадумаров.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төраймы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, президенттик таймашта шайлоочулардын 55,93 пайызы добуш беришти. Электрондук алдын ала эсептөөлөргө караганда, талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков эң алдыда баратат. Ага шайлоого катышкандардын 917 529у, мындайча айтканда, 54,8 пайызы добуш беришти. Экинчи орунду 565 721 добушка татып, Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов ээледи. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров 108 миң добуш алып, 6,3 пайыз менен үчүнчү орунга жайгашты. А “Ак-Шумкар” партиясынын жолбашчысы Темир Сариевге шайлоочулардын 42,7 миңи, Таалатбек Масадыковго 10 миңден ашууну добуштарын ыроолошту.

Ошентип, быйылкы президенттик шайлоого жалпы жонунан 11 талапкер ат салышышты. Саясий өнөктүктүн акыркы жыйынтыгы 7-ноябрга дейре расмий түрдө жарыяланат. Ал эми жаңыдан шайланган президент өлкө алдында шайлоо жыйынтыгы жарыяланган 30 күн аралыгында ант бериши кажет!

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: