Menu

Назарбаев менен Путин Жээнбековду жеңиши менен куттукташты

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусиянын башчысы Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын президенттигине шайлануусу менен куттукташты.

Өз куттуктоосунда Казакстан президенти Жээнбековдун жетекчилиги алдында Кыргызстан өнүгүү жолунда жаңы ийгиликтерге жетишерине ишеничин билдирди.

“Мен Казакстан менен Кыргызстандын кызматташтыкка негизделген мамилеси мындан ары да өнүгө берерине ишенем. Сизге ден соолук, жаңы кызматыңызда ийгилик, ал эми бир тууган кыргыз элине ачык асман жана өсүп-өнүгүү каалайм”,- деп айтылат куттуктоодо.

Путиндин куттуктоосунда шайлоонун жыйынтыгы Сооронбай Жээнбековдун мекендештери арасындагы жогорку беделин тастыктагандыгын жана анын социалдык-экономикалык актуалдуу маселелерди чечүүдөгү эмгегин баалай турганын көрсөткөнү жазылган.

Андан тышкары Путин Жээнбековдун Кыргызстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүк мамилесин бекемдөөгө кошкон салымын жогору баалай турганын белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 15-октябрдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56 пайызга жакыны катышты. Алдын ала жыйынтыкка караганда, 917 миңден ашуун добуш менен Кыргызстан социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты. Бул жалпы добуш бергендердин 54% түзөт.

Жээнбековдун атаандаштары бул шайлоодо административдик ресурс болуп көрбөгөндөй колдонулганын, добуш сатып алуу, шайлоочуларды коркутуу орун алганын белгилеп жатышат.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: