Европа реконструкция жана өнүгүү банкы (ЕРӨБ) Тажикстандагы «Агроинвестбанктын» кызматкерлеринин жапырт жумуштан бошотулушуна тиешеси жоктугун билдирди. Буга чейин тажик банкы кызматкерлердин санын кыскартуу чечими «Агроинвестбанктын» 12 пайызына ээлик кылган ЕРӨБдүн сунушунун негизинде ишке ашырылганын билдирген.
Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кеңешчиси Антон Усов акыркы жылдары банк «Агроинвестбанктын» Байкоочу кеңешинин курамына кирбегендигин жана кызматкерлерди жапырт жумуштан алуу чечимине тиешеси жоктугун айтты. «Эреже боюнча кызматкерлерди жумуштан алуу сыяктуу чечимдер ири акционерлер жана Тажикстандын Улуттук банкы тарабынан кабыл алынат», – деди ал.
Учурда «Агроинвестбанктын» акцияларынын 87,3 пайызына Тажикстан өкмөтү ээлик кылат.
Антон Усовдун айтымында, ЕРӨБ «Агроинвестбанктын» миноритардык акционери болуп эсептелет жана банкты өнүктүрүү жана башкаруу стратегиясына катышпайт.
Бир нече күн мурда «Агроинвестбанктын» эки миңге жакын кызматкери жумуштан бошотулганы белгилүү болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ